Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Теңизбаев: окуучулар үчүн атайын жол чырактар орнотулду

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облустук Жол көзөмөлдөө кызматынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев
Ош облустук Жол көзөмөлдөө кызматынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар үчүн атайын жол чырактар Ош — Бишкек, Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолдоруна коюлган
Теңизбаев: окуучулар үчүн атайын жол чырактар орнотулду

Ош облусундагы бир катар райондордо окуучулар үчүн атайын жол чырактар орнотулду. Өспүрүмдөр мындан ары жол чырактын кызыл түсүн кол менен басып жандыра алышат. Бул тууралуу облустук Жол көзөмөлдөө кызматынын өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган жол чырактар Кара-Суу, Өзгөн, Алай, Ноокат райондорунда эл көп чогулган жайларга орнотулду.

"Бул демилге жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланып ишке ашырылды. Анткени аталган аймактарда жол кырсыктары көп катталат. Атап айтсак, жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин Ош облусунун аймагында жалпы 99 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 15 адам каза болду. 153 адам ар кандай жаракат менен ооруканаларга кайрылган. Ал эми жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 18 жол кырсыгы катталып, бир бала каза болгон. 20сы ар кандай жаракат алды. Негизинен бул жылы облус аймагында жол кырсыктарынын саны мурункуга салыштырмалуу бир аз өскөнү менен жаш балдар арасында жол кырсыктарынын саны кыскарды", — деди Теңизбаев.

Ал ошондой эле учурда Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кырсыктарды болтурбоо максатында "Үгүт жүрүш — 2018" аталышында рейд өткөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0