Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанов: өрт менен күрөшүү үчүн эки тик учак алабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМдин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов
ӨКМдин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмаз Асанов Россия, Корея, Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты

Асанов: өрт менен күрөшүү үчүн эки тик учак алабыз
ӨКМдин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов жакынкы күндөрдө Кыргызстан эки тик учактуу болуп каларын Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, келе турган учактар өзгөчө кырдаалдарда колдонулмакчы.

"Россия, Казакстан жана Корея менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдар үчүн эки тик учак алуу күтүлүүдө. Учурда ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз", — деди Асанов.

ӨКМнын өкүлү жыл сайын техника жаңыланып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0