Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумагулова: "Ош" базарда көчөдө сатылган дарыларды алууга болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча консультанты Жылдыз Жумагулова. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча консультанты Жылдыз Жумагулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек саясаты боюнча консультанты Жылдыз Жумагулова Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелердин бири катары дарылардын баасынын көзөмөлдөнбөй жаткандыгын айтты
Жумагулова: "Ош" базарда көчөдө сатылган дарыларды алууга болбойт

"Ош" базарда көчөдө сатылган дарыларды алууга болбойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Жылдыз Жумагулова маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, базардагы дары сатуучуларына айып пул 200 сомду түзөт.

"Ош" базардагы көчөдө сатылып жаткан дары-дармектердин кайдан, качан келип жаткандыгын эч ким билбейт. Анын үстүнө базардын температурасы дарыны сактоого туура келбейт. Маалыматым боюнча "Ош" базарында дары саткандар болгону 200 сом айып пул төлөйт экен. Ал акчаны төлөп коюп, кайра эле соодасын уланта беришет", — деди Жумагулова.

Консультант бул маселе бир гана Саламаттык сактоо министрлигине эмес, мэрия менен өкмөткө да тийиштүү көйгөй экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0