Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: зергерлер өлкө бюджетине жылына 150 млн. сом салык төгө алат

© Sputnik / Исмаил МамытовПрезидент союза предпринимателей и ювелиров Сталбек Акматов
Президент союза предпринимателей и ювелиров Сталбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Зергерлер жана ишкерлер" союзунун президенти Сталбек Акматов өндүрүлгөн сырьё кыргызстандык зергерлерге калбай сыртка сатылып кетип жаткандыгын айтты.
Акматов: зергерлер өлкө бюджетине жылына 150 млн. сом салык төгө алат

Эгер мыйзамдар өзгөрсө, өлкө казынасына 150 миллион сомго чейин киреше алып келе алабыз. Бул тууралуу Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде алтын жана күмүш сырьесу алгач жергиликтүү ишкерлерге сатылуусу зарыл. Андан соң гана чет жакка сатса болот.

"Мыйзамды ылайыкташтырып, сырье маселесин чечүү зарыл. Ошондо көптөгөн көмүскөдө иш алып барып жаткандар да ачыкка чыкмак. 2017-жылы 57 миллион сом салык төктүк", — деди Акматов.

Ал ошондой эле өлкөдө учурда зергерлик менен алектенген алты миңдей ишкер бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0