Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асангулова: кыздардын калпак кийгени туура эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор объединения "Киргизский калпак из поколения в поколение" Клара Асангулова
Директор объединения Киргизский калпак из поколения в поколение Клара Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз калпагы муундан-муунга" ишканасынын жетекчиси Клара Асангулова жигиттер энергияны көктөн алса, кыздар жерден алаарын айтты
Асангулова: кыздардын калпак кийгени туура эмес

Кыздардын калпак кийгени туура эмес. Бул тууралуу Клара Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калпакты башкаларга белек кылганга да болбойт.

"Мен интернеттен калпак кийген кыздардын сүрөттөрүн көп эле жолу көрдүм. Негизи кыз балага калпак аябай сонун жарашат. Бирок кийгенге болбойт. Анткени калпак деген мырзаларга асмандан энергия алып бере турган баш кийим. Ошол үчүн бир гана мырзалар кийиши керек", — деди Асангулова.

Ал кыздар шөкүлө, үкү топу, тебетей кийсе болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0