Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акаев: мыкты журналист кантип атактуу болуп кеткенин өзү да билбей калат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев журналисттер жеңил темага басым жасап калышкандыгын айтты
Акаев: мыкты журналист кантип атактуу болуп кеткенин өзү да билбей калат

Мыкты журналист кантип атактуу болуп кеткенин өзү да билбей калат. Бул тууралуу Жанар Акаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда журналисттер каалаган темасын көтөрүп, коомчулукка алып чыга алат.

"Көп байкап жүрөм, журналистика факультетинде окуган студенттердин көпчүлүгү дароо эле атактуу болууну каалашат. "Заматта эле жылдыз болуп, телевизордон чыга калсам, же радиодон сүйлөй калсам" деген жаңылыш пикирлер менен бул кесипке келишет. Албетте, атактуу журналист болуу жакшы нерсе. Бирок, биринчи жазганды үйрөнүш керек. Эгер ал мыкты журналист болсо, кантип атактуу болуп кеткенин өзү да байкабай калат. Учурда Кыргызстанда аналитикалык макалалар жетишпей жатат" — деди Акаев.

Депутат журналисттер ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрүшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0