Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саматов: улуттук оюндарга басым жасай турган убакыт келди

© Фото / пресс-служба ЖК КРКөк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматовдун архивдик сүрөтү
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов көк бөрүчүлөргө мамлекет көңүл бурбай жаткандыгына нааразы
Саматов: улуттук оюндарга басым жасай турган убакыт келди

Улуттук оюндарга басым жасай турган убакыт келди. Бул тууралуу Жыргалбек Саматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, олимпиадалык оюндар бара-бара жоголушу мүмкүн.

"Көп жерлерде азыр олимпиадалык оюндарга караганда, ар бир мамлекет өзүнүн улутук оюндарына көңүл буруп жатат. Менимче бир канча жылдан кийин олимпиадалык оюндар жоголуп, мамлекеттер өз улутук оюндарын менен даңазалап калат. Андыктан олимпиадалык оюндарга эмес, улуттук оюндарга басым жасай турган убакыт келди", — деди вице-президент.

Саматов Казакстанда көк бөрүчүлөргө 700 доллар айлык төлөнүп, формалары да бекер бериле тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0