Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карымов: 20дан ашык үйгө кирген уурулардын табылбай жатышы шек жаратат

© Фото / предоставлено Айбеком КарымовымЭстрада ырчысы Айбек Карымовдун архивдик сүрөтү
Эстрада ырчысы Айбек Карымовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстрада ырчысы Айбек Карымовдун үйү акыркы эки жылда алты жолу тонолгон
Карымов: 20дан ашык үйгө кирген уурулардын табылбай жатышы шек жаратат

Ак-Жол айылындагы 20дан ашык үйгө кирген уурулардын табылбай жатышы шек жаратат. Бул тууралуу ырчы Айбек Карымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, милицияга жазган арыздан майнап чыкпай калууда.

"Алты жолу менин үйүмө, андан сырткары, мен жашаган айылдагы 20дан ашык үйгө уруу кирген. Ошол кылмыштардын бети азыркы күнгө чейин ачылбай келиши бүдөмүк ойлорду жаратат. Айла жок милиция кызматкерлери бул нерсеге өзүлөрү аралашып жатабы деген ойлор пайда болууда", — деди Карымов.

Ырчы уурулуктун кесепетинен жалпы бир миллион сомдон ашык чыгым тарткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0