Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оморов: коомдук жайларда көп акча алып жүрүү уурулукка негиз болушу мүмкүн

© Sputnik / Алимджан ВалиевШаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморовдун архивдик сүрөтү
Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов өткөн жылы Бишкек шаары боюнча жалпы 4 600дөй уурулук фактысы катталгандыгын айтты
Оморов: коомдук жайларда көп акча алып жүрүү уурулукка негиз болушу мүмкүн

Коомдук жайларда ири суммадагы акча алып жүрүү, кичи автобустарга чыкканда уюлдук телефонду чөнтөккө бош салып коюу уурулардын кылмыш кылуусуна жол ачат. Бул тууралуу Адыл Оморов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уурулук фактысын алдын алуу үчүн жарандар биринчи кезекте адам өзүнө тың болушу абзел.

"Учурда батирлердеги, кичи автобустардагы, көчөдөгү уурулуктар боюнча абдан көп фактылар катталууда. Ошондуктан кызматкерлерибиз көптөгөн иштерди алып барып, ууруга шектүүлөрдү кармап жатышат. Биринчи кезекте адам өзүнө сак болуп, уурулукту алдын алса болот. Мисалы, кичи автобустарга түшүүдө телефонду баштыктын сырткы чөнтөгүнө салбаш керек. Анан унааларга жана үйлөргө сигнализация орнотуу зарыл. Бул көп деле каражатты талап кылбайт", — деди Оморов.

Ал уурулук менен кармалган жаран жасаган кылмышына карап мыйзам негизинде жоопко тартыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0