Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанкулова: калпагы аркылуу адамдын статусу, уруусу билинген

© Фото / Мирхамид Токтогул уулуРуководитель проекта "Кыргыз калпагы муундан-муунга" Клара Асанкулова
Руководитель проекта Кыргыз калпагы муундан-муунга Клара Асанкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз калпагы муундан-муунга" ишканасынын жетекчиси Клара Асанкулова калпактын ак түсү адамдын бийик статусунан кабар берерин айтты

Калпагы аркылуу адамдын статусун, уруусун билишкен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Клара Асанкулова маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз эли баш кийимди ар дайым барктап-кадырлап мамиле жасаган.

"Кыргызда үйүнө келген өтө сыйлуу коногуна да калпак белек кылган эмес. Астына ат тарткан, үстүнө чапан жапкан, бирок баш кийим белекке берилген эмес. Үйгө киргенде калпакты башынан чечип, отурган ордунан бийигирээк жерге коюшкан. Калпагын карап туруп анын жаш курагын, коомдогу статусун, түшүрүлгөн оюусунан кайсы уруудан экендигин билишкен. Жаш балдарга көк, жашыл менен кыюуланган калпак кийгизсе, кара кыюусу бар ак калпакты кадыр-барктуу адамдар кийген", — деди Асанкулова.

Ал калпагын белек кылуу, башын ийип берүүгө барабар катары эсептелгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0