Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аксариева: кен жергиликтүү жашоочулардын гана байлыгы эмес

© Sputnik / Жоомарт УраимовPeace Nexus программасынын эксперти Назгүл Аксариева
Peace Nexus программасынын эксперти Назгүл Аксариева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Peace Nexus программасынын эксперти Назгүл Аксариева тоо-кен ишканаларында иштегендердин көпчүлүгү чет жерден келээрин айтты
Аксариева: кен жергиликтүү жашоочулардын гана байлыгы эмес

Кен жергиликтүү жашоочулардын гана байлыгы эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна Назгүл Аксариева маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кен чыккан айылдардын көпчүлүгү байлык алардыкы эле деп ойлошот.

"Кен негизи өкмөттүн байлыгы. Андыктан Кыргызстандын ар бир жараны ага укуктуу. Тилекке каршы, тоо кен жайгашкан айылдардын тургундары бул байлыкка биз гана укуктуубуз деп ойлошот. Эгер алардан түшкөн каражат ошол айылга гана бөлүнсө, калган айылдар жакырчылыкта жашап калуу коркунучу бар", — деди Аксариева.

Эксперт кен өндүргөн компания менен жергиликтүү жашоочулар ортосунда түшүнбөстүк болбошу үчүн ай сайын жолугушууларды өткөрүп туруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0