Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: Сары-Челек жолуна асфальт төшөө үчүн акча бөлүндү

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат от фракции "Кыргызстан" Алмаз Эргешов
Депутат от фракции Кыргызстан Алмаз Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов быйыл Аксы районундагы 18-20 чакырым жолго асфальт төшөлөөрүн айтты
Эргешов: Сары-Челек жолуна асфальт төшөө үчүн акча бөлүндү

Сары-Челек жолуна асфальт төшөө үчүн акча бөлүндү. Бул тууралуу эл өкүлү Алмаз Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Сары-Челек көлүнө жыл сайын 25-30 миң турист келет.

"Кыргызстандын бермети делген Сары-Челек көлүнө кеткен жолдун беш чакырымына асфальт төшөө үчүн 20 миллион сом бөлүндү. Учурда документтерге кол коюлуп, ишти баштайбыз деп турат. Документ боюнча жолдун жалпы узундугу 16 чакырым деп кирди. Ошону үч жыл ичинде бүтөрүп берибиз дешип жатат", — деди Эргешов.

Депутат жолду аягына чыгарууну жеке көзөмөлүнө алаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0