Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асангулова: алгач элечекти туура орогон апа таба албай убара болгонбуз

© Фото / Тимур Райымкулов"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив
Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова ушундан улам элечек менен иштеп калганын айтты
Асангулова: алгач элечекти туура орогон апа таба албай убара болгонбуз

Алгач элечекти туура орогон апа таба албай убара болгонбуз. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө элечекке жетиштүү көңүл бурула баштады.

"2012-жылы Ысык-Көлдө "Кийиз дүйнө" фестивалын өткөргөнбүз. Ошондо апаларга элечек кийгизебиз деп пландадык. Элден элечек таппай, анан Асел Калканова эжекебиз барып элечек ороп берген. Биз алты элечек ородук деп сүйүнүп жатсак эле калыстар элечекти жаратпай койду. Ошондо чын эле элечекти ороо маселеси бар экенин туюп, элечек менен иштеп калдык. Андан бери элечектин 13 түрүн таптык. Ар бир элечектин артында апалар турат", — деди Асангулова.

Ал элечек чоң көрүнгөнү менен кийип жүргөн адамга оорчулук жаратпай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0