Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төрөбаев: Кант шаары суу каптоо коркунучунда турат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев өкмөт тез арада маселени карашы керектигин айтты
Төрөбаев: Кант шаары суу каптоо коркунучунда турат

Кант шаары суу каптоо коркунучунда турат. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, маселени чечүү үчүн дренаждарды казуу керек.

"Мага Кант шаарынын тургундарынан арыз келип түштү. Бүгүнкү күндө Кант шаары өтө орчундуу акыбалда турат. Анткени суу каптап кетиши мүмкүн экен. Ушул маселеге өкмөт жакшылап көңүл бурушу керек", — деди Төрөбаев.

Дренаж — саздак жерлерди кургатуу жана жер астындагы сууларды төмөндөтүү үчүн көрүлгөн чара.

Жаңылыктар түрмөгү
0