Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ормонов: Бишкекке Жусуп Мамайдын эстелигин эртерээк тургузуу керек

© Фото / пресс-служба ЖК"Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормоновдун архивдик сүрөтү
Бир Бол фракциясынын депутаты Улукбек Ормоновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов Кытайда залкар манасчынын 100 жылдыгын белгилөө үчүн кызуу даярдыктар көрүлүп жатканын айтты
Ормонов: Бишкекке Жусуп Мамайдын эстелигин эртерээк тургузуу керек

Бишкекке Жусуп Мамайдын эстелигин эртерээк тургузуу керек. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз эл баатырын эскерүүгө Кыргызстанда тиешелүү көңүл бурулбай жатат.

"Кытайда улуу манасчы, Кыргыз эл баатыры Жусуп Мамайдын жүз жылдыгын чоң салтанат менен өткөрөлү деп камынып жатышат. Бизде болсо эскерүүгө жакшы көңүл бурулбай жатат. Ушул залкар инсандын айкелин Бишкек шаарына тургузуп, бир көчөгө атын берүү демилгеси көтөрүлдү эле. Бирок маселе чечилбей жатат. Өкмөттүк деңгээлде карашыбыз керек", — деди Ормонов.

Эл өкүлү маселени үч ай ичинде чечүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0