Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момбеков: Алыкулдун ашканасы менен Токтогулдун тойканасы десе болот да

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Рыскелди Момбеков
Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков борбор калаадагы кафелердин орус, англис тилинде аталып жатканын айтты
Момбеков: Алыкулдун ашканасы менен Токтогулдун тойканасы десе болот да

Алыкулдун ашканасы менен Токтогулдун тойканасы десе болот да. Бул тууралуу Рыскелди Момбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте кыргыз тилинде аталган кафелер саналуу гана.

"Көчөдөгү жарнактардын 80-90 пайызы орус, англис тилинде. Эгемендик алгандан бери мен эки эле кыргызды көрдүм, Шайлообай, анан Жаңыбай. Шайлообайдын беш бармагы жана Жаңыбайдын самсасы деген бар экен. Калган кафелер Омар не хаям, Обама дейт. Эми Алыкулдун ашканасы, Токтогулдун тойканасы, Каныкейдин кафеси, Сайкал апанын салону десе деле болот да", — деди депутат.

Момбеков жарнамаларды жайылтууда кыргыз тилине өзгөчө көңүл буруп, чоң тамгалар менен жазылышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0