Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касымалиева: сөз эркиндигине байланыштуу маселелерде этият болсок

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Аида Касымалиева
Депутат ЖК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева интернетте орунсуз сын айткандарга айып салуу демилгесин колдобой тургандыгын айтты
Касымалиева: сөз эркиндигине байланыштуу маселелерде этият болсок

Сөз эркиндигине байланыштуу маселелерде этият болуу керектигин эл өкүлү Аида Касымалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, депутат Дастан Бекешев интернетте негизсиз сын айткандарга 20 миң сом айып салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштоодо.

"Бул жерде эки маселе каралып жатат. Адамды интернетте жамандап жазса аны актоо боюнча өзгөртүүлөр жана моралдык компенсациянын минималдык өлчөмү. Негизи мыйзам чийки деп эсептейм. Бул сөз эркиндигине тиешелүү маселелер болгондуктан этият болушубуз керек. 20 миң сом деп чектөө койсок соттордун эмне кереги бар? Биздин акыбалды эске алганда абдан коркунучтуу жагдай жаралат. Баарыбыз эле Facebook, Twitter аркылуу төгүндөө жазып жашап калабыз го", — деди Касымалиева.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0