15:57 19 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Мааткабылов: мектеп лигасында өзгөчөлөнгөн футболчу дүйнө биринчилигин көрөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
41 0 0

Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов мектеп лигасына Бишкек шаарындагы 95 мектеп катышып жатканын айтты

Мектеп лигасында өзгөчөлөнгөн футболчу Россияда өтө турган дүйнө биринчилигин көрүүгө барат. Бул тууралуу Ырысбек Мааткабылов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында окуучулар спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.

"Былтыр мектеп лигасындагы жеңүүчүлөрдү Ысык-Көлгө алып барып эс алдырып келдик. Мындан сырткары, футбол турниринде көп гол киргизип, мыкты оюн көргөзгөн балабызды Санкт-Петербург шаарындагы Конфедерация кубогуна алып бардык. Быйыл өзгөчөлөнгөн оюнчуну футбол боюнча дүйнө биринчилигинин финалын көрсөтүүгө алып барабыз", — деди Мааткабылов.

Ал мектеп лигасына Бишкек шаарындагы 95 мектеп катышып жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Мыктылар! Кыргызстандын дипломаттары мини-футбол боюнча турнирде жеңишке жетти
Белгилер:
биринчилик, мектеп, Футбол
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ