Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дандыбаева: начар окуган балдардын окууга болгон кызыгуусун ойготуп жатабыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовДиректор централизованной системы библиотек Гулсайра Дандыбаева
Директор централизованной системы библиотек Гулсайра Дандыбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Борборлоштурулган китепканалар тармагынын башчысы Күлсайра Дандыбаева бул багытта атайын программа иштелип чыкканын айтты
Дандыбаева: начар окуган балдардын окууга болгон кызыгуусун ойготуп жатабыз

Начар окуган балдардын окууга болгон кызыгуусун ойготуп жатабыз. Бул тууралуу Күлсайра Дандыбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, начар окуган балдардын кызыгуусун 3 айда ойгото турган программа иштелип чыккан.

"Жаштарды китеп окууга үндөө максатында мектепте начар окуган балдарды чогултуп, Улуттук гвардиянын капитандары менен жолуктурдук. Анда аскерлер окуучу балдар менен маек курушкан. Алгач кызыкпай жаткан балдар мылтык жөнүндө, ата мекен жөнүндө сөз болгондо ачылышып, оюн эркин айта башташты. Ошентип окуусуна жетишпеген балдардын кызыгуусун ойготтук", — деди Дандыбаева.

Ал жакшы окуган балдарга эле басым жасай берүү туура эмес экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0