Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: баӊгизаттарды көзөмөлдөө начарлап кетти

Жазылуу
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, президент Сооронбай Жээнбеков коррупция маселесине кенен токтолду.
Жээнбеков: баӊгизаттарды көзөмөлдөө начарлап кетти

Баӊгизаттарды көзөмөлдөө начарлап кетти. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби коррупция болууда.

"Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчалардын агымы — укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор наркотиктердин транзитин жана товарлардын контрабандасын тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт", — деди президент.

Президент, андан сырткары, баӊгизаттарды көзөмөлдөө кызматы Ички иштер министрлигине өткөрүп берилгенине карабай, бул багыттагы иштер начарлап кеткенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0