Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кабатай кызы: диктор күн сайын үнүнө көнүгүүлөрдү жасап турушу керек

© Sputnik / Эламан КарымшаковБелгилүү диктор Айнура Кабатай кызы
Белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы текст окууда туура дем алуу маанилүү экендигин айтты
Кабатай кызы: диктор күн сайын үнүнө көнүгүүлөрдү жасап турушу керек

Диктор күн сайын үнүнө көнүгүүлөрдү жасап турушу керек. Бул тууралуу Айнура Кабатай кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, колдон келсе туура дем алуу боюнча адистерден сабак алуу зарыл.

"Диктор күн сайын үнүнө көнүгүүлөрдү жасап, дем алуусун жөнгө салуусу керек. Айта кетсем, жаңы эфирге келген учурда абдан эле кыйналгам. Узун тексттерди кадр сыртында окуганда аба жетпей ызаланып кетчүмүн. Ошентип жети жыл кыйналып, толкунданып жүрдүм. Андан кийин устатым туура дем алууну үйрөтүп, узун тексттерди да кыйналбай окуп калдым. Эфирге чыкканга чейин мына ушундай даярдыктар талап кылынат", — деди Кабатай кызы.

Ал диктор адабий тилдин нормаларын сактап, туура сүйлөшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0