Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сейдалиев: таза сууну өздүк нарктан ылдый берип, чыгаша болуп жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын "Сууканал" башкармалыгынын башчысынын орун басары Мурадин Сейдалиев
Бишкек мэриясынын Сууканал башкармалыгынын башчысынын орун басары Мурадин Сейдалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын "Сууканал" башкармалыгынын башчысынын орун басары Мурадин Сейдалиев муздак сууга болгон тарифти көтөрүү пландалып жатканын айтты
Сейдалиев: таза сууну өздүк нарктан ылдый берип, чыгаша болуп жатабыз

Таза сууну өздүк нарктан ылдый баалап, чыгаша болуп жатабыз. Бул тууралуу Мурадин Сейдалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, муздак сууга болгон тарифти көтөрүү пландалып жатат.

"Бүгүнкү күндө калк үчүн суунун 1 кубу (1000 литр) 5 сом 38 тыйын болсо, өздүк наркы 8 сом 10 тыйын. Биз сууну өздүк нарктан да ылдый берүү менен чыгашага учурап жатабыз. Негизинен Бишкекти таза суу менен камсыздаган 300 скважина иштейт. Анын баарына электр энергиясы керек. Мындан сырткары, бир топ насосторубуз күндүр-түндүр иштеп турат. Ошентип бардык чыгымды эсептегенде өздүк нарк 8 сом 10 тыйын болот", — деди Сейдалиев.

Ал жети кабаттан бийик болгон үйлөргө да таза суу насос менен жеткирилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0