Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: "эртең" деген шайтандын азгырыгы

© Sputnik / Жоомарт УраимовРуководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков "эртең" деген шайтандын азгырыгы экендигин айтты

Эртең, эртең дейбиз, бирок эртеңки күн да өтөт. Бул тууралуу Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кадырбеков: "эртең" деген шайтандын азгырыгы

Анын айтымында, убакытты туура пайдалануу өтө маанилүү.

"Эртең болобу же болбойбу аны бир Кудай билет. Акын Жолон Мамытовдун бир ыры бар: "Эртең, эртең дейбиз, бирок эртеңдер да түгөнөт. Анын сыңары эртең эмес, мына бүгүн баштоо зарыл. "Эртең" деген бул шайтандын азгырыгы. Шайтан "кылба" дебейт экен, "эртен жасайсың" деп жүрүп өмүрүңдү өткөрүп жиберет", — деди Кадырбеков.

Ал эртең дегенди унутуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0