Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: "Керээз" драмасынын үстүнөн 2-3 жыл иштеп жүрдүм

Жазылуу
Драматург Кайрат Иманалиев чыгарманын саясий жагына көп көңүл бурулганын айтты
Иманалиев: "Керээз" драмасынын үстүнөн 2-3 жыл иштеп жүрдүм

"Керээз" драмасынын үстүнөн 2-3 жыл иштегендигин Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Автор чыгарма жаратаардан мурун көптөгөн китептерди окуган.

"Драма үстүнөн 2-3 жыл иштеп жүрдүм. Буга чейинки жазган тарыхый чыгармаларымда мынчалык кыйналган эмесмин. Мунун биринчиден саясий жагы бар. Себеби ар бир бийдин артында эл турат. Бул каармандарды опузалап жазгандар да бар. Ошол нерселерге жол бербей, колдон келишинче тарыхты казып, көп эмгектерди окуп чыктым. Анан эки кеңешчим менен жалпы маалыматтарды тактап жаздык. Тарыхый чыгарма болгондон кийин тарыхтан ката кетпеши керек", — деди Иманалиев.

Кайрат Иманалиев менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0