Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Үсөнакун уулу: мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы алтыдан да төмөндөшү мүмкүн

© Sputnik / Эмиль СадыровПресс-конференция "Актуальные проблемы ипотечной жилищной программы"
Пресс-конференция Актуальные проблемы ипотечной жилищной программы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мамлекеттик ипотека компаниясы" ишканасынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу 2018-жылдан тарта өлкө казынасынан айлык албагандарга дагы мамлекеттик ипотека бериле баштай турганын айтты.
Үсөнакун уулу: мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы алтыдан да төмөндөшү мүмкүн

Мамлекеттик ипотеканын үстөк пайызы алтыдан да төмөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотека компаниясы" ишканасынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ипотека 8-10 пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө берилип келсе, эми алты пайыз менен берилет.

"Келечекте мамлекеттик ипотеканын алты пайыздык үстөгүн төмөндөтүү болушу мүмкүн. Бардыгы тартылып келе турган каражаттардын көлөмүнө жана шарттарына жараша. Бул аракеткер оңунан чыгып калса, анда пайыздарды төмөндөтүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар", — деди Үсөнакун уулу.

Ал бул насыяга Бишкек менен Оштон турак жай алганга болбой тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0