Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыжапаров: эмне үчүн искусство адамдары селсаяктай жашашы керек?

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер Эрнест Абдыжапаровдун архивдик сүрөтү
Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссёрдун айтымында, искусство адамдары да башкалар сыяктуу акча табууга укуктуу
Абдыжапаров: эмне үчүн искусство адамдары селсаяктай жашашы керек?

Эмне үчүн искусство адамдары селсаяктай жашашы керек? Бул тууралуу режиссер Эрнест Абдыжапаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, искусство адамдары да башкалар сыяктуу акча табуусу шарт.

"Кино бул – искусство. А эмне үчүн искусство менен алектенгендер же үйү жок, же айлыгы жок тентип, селсаяктардай жашашы керек? Эмне себептен алар акча таппашы керек? Мен ушул нерсеге такыр түшүнбөйм. Ошондуктан мен коммерциялык негизде тартылган тасмаларды элдик кино деп атайм. Алар элге арналып, эл үчүн коюлуп жатат жана эл акчасын берип ал тасмаларды көрүүдө. Режиссерлер андан каражат таап жатабы, же жокпу, аны коммерциялык деп атоо такыр туура эмес" — деди Абдыжапаров.

Режиссёр киного жаңы келген режиссер дароо эле шедевр жаратып жибербей турганын, ал өзүн ар тараптан сынап, акча тапкандан кийин "Ак Илбирс", "Оскар" сыйлыктарын алууга аракет жасарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0