Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саркулов: былтыр 2016-жылга салыштырмалуу жол кырсыгынан көз жумгандар аз болду

© Sputnik / Данияр СандыбаевЗаместитель начальника Главного управления по обеспечению безопасности дорожного движения МВД Ыманалы Саркулов
Заместитель начальника Главного управления по обеспечению безопасности дорожного движения МВД Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Ыманалы Саркулов жол кырсыктарынан 9 568 киши түрдүү жаракаттарды алганын айтты.
Саркулов: былтыр 2016-жылга салыштырмалуу жол кырсыгынан көз жумгандар аз болду

Былтыр 2016-жылга салыштырмалуу жол кырсыгынан көз жумгандар аз болду. Бул тууралуу Ыманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жол эрежесин бузгандардан бюджетке 383 миллион сомдон ашык каражат түшкөн.

"Былтыр жол кырсыгынан 907 киши каза болгон. 2016-жылга салыштырмалуу 3,3 пайызга аз. 2016-жылы 938 адамды каза тапкан. Андан сырткары, 1432 бала жол кырсыгына кабылган. Бул көрсөткүч 2016-жылга караганда 9 пайызга аз. Мурдагы жылы 1575 бала жаракат алган. Ал эми жол кырсыктын айынан каза болгон балдардын саны 104тү түзсө, 2016-жылы бул көрсөткүн 128ге жеткен", — деди ал.

Саркулов жол кырсыгынан жаракат алган балдардын саны былтыр 1622 болсо, мурдагы жылы бул көрсөткүч 1754тү түзгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0