Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: Аксыга 10 миңдей электр мамыча керек болуп жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешовдун архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын депутаты Алмаз Эргешовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов өкмөт араң гана 100гө чукул мамыча бөлгөнүн айтты
Эргешов: Аксыга 10 миңдей электр мамыча керек болуп жатат

Аксыга 10 миңдей электр мамычасы керек болуп жатат. Бул тууралуу депутат Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, электр мамычалардан сырткары 80ге чукул көмөк чордон орнотуу керек.

"Мага Аксынын Мундуз айылынын тургундарынан кат келди. 120 электр мамычалары зарыл керектигин айтышууда. Жалпы жонунан Аксыдагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө 1510, Авлетим айыл өкмөтүнө 1435, Кара-Суу айыл өкмөтүнө 1211, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө 2014, Жерге-Тал айыл өкмөтүнө 225 электр мамычасы керек. Такыр эле алмаштырбай жатат дегенден алысмын. 2016-жылы 60, 2017-жылы 120 гана мамыча бөлүнгөн. 10 миңдй мамыча керек болуп жатса араң гана 100гө чукул мамыча бөлүнүп жатат", — деди депутат.

Эргешов маселени чечүү үчүн грант алуу жолдорун да кароо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0