Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зулпукаров: шаар депутаттарынын күчү жетпей койгон кишини аныктайлы

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаровдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров калаадагы Токтогул көчөсүнө шлагбаум коюп алгандарга ким уруксат бергенине кызыкты
Зулпукаров: шаар депутаттарынын күчү жетпей койгон кишини аныктайлы

Шаардык кеңештин депутаттарынын күчү жетпей койгон кишини аныктоо керектигин Төрөбай Зулпукаров парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Токтогул көчөсүндөгү курулуш кызыл сызыкка чыгып кеткен.

"Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн абалын карап коелучу. Токтогул көчөсү Гоголь менен кесилишкенде бүтүп калат экен. Ал жерге бирөө шлагбаум коюп алыптыр. Ким уруксат берген? Кандай жол менен? Ал жерде эки курулуш жүрүп жатат. Кызыл сызыкка чыгып кеткен. Учурунда шаардык кеңештин депутаттары маселени көтөргөн экен, бирок күчү жетпей коюптур. Кандай күчтүү киши экенин аныктап коелучу", — деди Зулпукаров.

Ал аталган маселе боюнча прокуратурага да тапшырма берүү керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0