Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Казакбаев: улуттук кадрлардын резервин түзүү учур талабы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаевдин архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Руслан Казакбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев аталган маселени 2018-2040-жылдардагы өнүгүү стратегиясына кошуу керектигин айтты
Казакбаев: улуттук кадрлардын резервин түзүү учур талабы

Улуттук кадрлардын резервин түзүү учур талабы. Бул тууралуу Руслан Казакбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, билими жогору болгондугуна карабай жумушсуз жүргөндөр арбын.

"Кадр кызматынын улуттук кадрлардын резервин түзүү боюнча демилгеси актуалдуу. Бирок кечигип жатабыз. Жакшы окуу жайларды бүтүп келип жумушсуз жүргөндөр көп. Бул маселени "Жаңы доорго кырк кадам" программасына, 2018-2040-жылдардагы өнүгүү стратегиясына киргизүү керек", — деди Казакбаев.

Эл өкүлү тажрыйбалуу адистер натыйжасыз пайдаланылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0