Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыдырбаев: мамлекеттер аралык темир жол курулса ар бир вагондон жол акысын алабыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовИсполнительный директор аналитического центра "БизЭксперт" Улук Кыдырбаев
Исполнительный директор аналитического центра БизЭксперт Улук Кыдырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу аябай керектүү долбоор экендигин "Биз Эксперт" аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев баса белгиледи
Кыдырбаев: мамлекеттер аралык темир жол курулса ар бир вагондон жол акысын алабыз

Мамлекеттер аралык темир жол курулса ар бир вагондон жол акысын алабыз. Бул тууралуу Улук Кыдырбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, долбоор иш жүзүнө ашса, Кыргызстандын экономикасы өсөт.

"Кытайда бир жарым миллиард калк жашайт. Анын жанында калкынын саны боюнча 2-орунда турган Индия, Пакистан, Бангладеш өлкөлөрү жайгашкан. Менин маалыматым боюнча, Иран менен Кытайдын ортосунда 60 миллиардга жете турган соода мамилеси бар. Эгерде ошонун 10 пайызы Кыргызстан аркылуу өтүп жатса, ар бир өткөн вагондон транзит акчасын алабыз. Мындан сырткары, бизге келе турган товарлардын баасы арзандап, бизден чыккан товарлардын жол акысынын баасы төмөндөйт. Ошондуктан, биздин продукция башка өлкөлөрдун базарларында атаандаштыкка ээ болуп калышы мүмкүн", — дейт Кыдырбаев.

Адис аталган темир жол Кыргызстанда канчалык узун жолду басып өтсө, мамлекетке ошончолук пайда алып келе тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0