Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыштакбеков: 42 чакырымдык марафондо жеңишке жетээрден мурун 12 жыл машыккам

© Sputnik / Табылды КадырбековКытайда өткөн марафондо баш байгени багындырган Адилет Кыштакбеков
Кытайда өткөн марафондо баш байгени багындырган Адилет Кыштакбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда өткөн марафондо Адилет Кыштакбеков баш байгени багындырган. Ал 27 өлкөнүн жөө күлүктөрүн артта калтырып марага биринчи келген.
Кыштакбеков: 42 чакырымдык марафондо жеңишке жетээрден мурун 12 жыл машыккам

42 чакырымдык марафондо жеңишке жетээрден мурун 12 жыл машыккам. Бул тууралуу Адилет Кыштакбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Кыргызстандык спортчу 42 чакырым аралыкка чуркап 1469 спортчунун ичинен озуп чыккан.

"Чуркоо боюнча машыгып баштаганыма 12 жыл болду. Виктор Борисовдун кол алдында машыгам. Учурда улуттук курама команданын мүчөсүмүн, федерацияга киргениме алты жылдын жүзү болду. Буга чейин да бир нече мелдештерге катышып келгем. Индияда өткөн Азия оюндарында 3-орунду алгам. Мындан сырткары, коңшу өлкөлөрдө өткөн мелдештерге да барып турам", — деди ал.

Адилет Кыштакбеков менен болгону толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0