17:22 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Таалайкан Абазова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатканда
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева

Таалайкан Абазова: актриса болуу оңой эмес

Радио
Кыскача шилтеме алуу
149 0 0

Ал актрисалык кесип айрыкча үй-бүлө күткөн аял үчүн кыйын экенин баса белгиледи

Актриса болуу аял киши үчүн оңой эмес. Бул тууралуу Таалайкан Абазова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул кесип айрыкча үй-бүлө күткөндөн кийин кыйын.

"Театрда го ойной бересиң. Тасмага тартылганда алыс жакка барыш керек болсо бала-чаканы ойлойсуң, сарсанаа болосуң. Бирок кесибиң ушундай, иштин жыйынтыгы жакшы болуш үчүн бардык аракетти жумшайсың. Берген ролду ийине жеткирип ойноо керек", — деди Абазова.

Таалайкан Абазова "Апамдын махабаты", "Сүтак", "Асман алдында", "Кентавр" тасмаларына тартылып, бир катар спектаклдерде роль жараткан.

Актриса Таалайкан Абазова менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Тема боюнча

Актер Болот Тентимишов: театрда жүрсөң көмүскөдө кала бергидейсиң
Актриса Таалайкан Абазова: министрдин аялы болгон чоң жоопкерчилик экен
Белгилер:
актриса, кино тасма, театр, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ