Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыгулов: кызматтан кетишиме депутаттарга биринчи вице болууга жол ачылышы себепкер

© Фото / пресс-служба НБКРУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьерликтен кетишине башка негиз жок болгондугун айтты
Абдыгулов: кызматтан кетишиме депутаттарга биринчи вице болууга жол ачылышы себепкер

Кызматтан кетишиме депутаттарга мандатын жоготпой туруп биринчи вице-премьер болууга жол ачылышы себепкер. Бул тууралуу Толкунбек Абдыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган маселе боюнча саясий чечим кабыл алынган.

"Мен алгач өкмөткө барганда биринчи вице-премьер болуп баргам. Анан декабрь айында Конституциянын айрым беренелери күчүнө кирди. Ага ылайык, депутаттар мандатын тапшырбай эле биринчи вице боло алышат. Ошондуктан мени кызматтан түшүргөн. Башка негиз жок болчу", — деди Абдыгулов.

Ал кайра Улуттук банкка президенттин сунушу менен баргандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0