Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамалдинов: "Тазалык" ишканасы жакшы иштеп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов аталган ишкананын жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип коюу керек экендигин айтты.
Жамалдинов: "Тазалык" ишканасы жакшы иштеп жатат

"Тазалык" ишканасы жакшы иштеп жатат. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, таштандылар өз убагында тазаланууда.

"Тазалык" ишканасы акыркы айларда жакшы иштерди жасап жатат. Бүгүнкү күндө таштандылар өз убагында тазаланууда. Жаңы жыл күнү да аянттан 10 тонна таштанды алып чыгышты. Ишкананын жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип коюшубуз керек", — деди Жамалдинов.

Ал жакшы иштеп жаткан ишканаларды баса белгилеп коюу керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0