Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: Аксыда 100 орундуу бала бакчада 430 окуучу үч смен менен окуп жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат от фракции "Кыргызстан" Алмаз Эргешов
Депутат от фракции Кыргызстан Алмаз Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылында ФАП дагы жок экенин айтты
Эргешов: Аксыда 100 орундуу бала бакчада 430 окуучу үч смен менен окуп жатат

Аксыда 100 орундуу бала бакчада 430 окуучу үч смен менен окуп жатат. Бул тууралуу депутат Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган бала бакчанын имараты ашар жолу менен курулган.

"Аксынын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы деген айыл бар. 3200дөн ашуун адам жашайт. Бүгүнкү күнгө чейин мектеп жок. Мектеп курулган эмес. Убагында ашар жолу менен курулган 100 орундуу бала бакчада 430га чукул окуучу үч смен менен окуп жатат. Өкмөт ушуга көңүл бурса жакшы болот эле", — деди Эргешов.

Эл өкүлү 25 жылдан бери бир дагы социалдык объект салынбагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0