Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурматов: Кыргызстандын убактысын бир саат артка жылдыруу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматовдун архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматов эртең мененки убакта балдар кыйналып жатканын айтты
Нурматов: Кыргызстандын убактысын бир саат артка жылдыруу керек

Кыргызстандын убактысын бир саат артка жылдыруу керек. Бул тууралуу Кубанычбек Нурматов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, эртең мененки убакта балдар кыйналып жатышат.

"Саат мурун сезонго карап жылып турчу эле. Азыр жылбай калды. Биздин балдар саат 7де караңгы экендигине карабай барчу жерине кетип жатышат. Караңгыда коопсуздук маселеси бар. Менимче бир саат артка жылдырсак туура болот эле. Мына, Өзбекстандыкы бир саат артта", — деди Нурматов.

Эл өкүлү аталган маселе боюнча өкмөт ойлонуп көрүүсү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0