23:29 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозованын архивдик сүрөтү
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Орозова: жеңилдетилген насыяларды аймактарга багыттоо керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
18 0 0

КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова жеңилдетилген насыя колунда жоктордун шартына дал келбей жатканын айтты

Жеңилдетилген насыяларды аймактарга багыттоо керек. Бул тууралуу Карамат Орозова парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, насыя берүүдөгү шарттарды жеңилдетүү керек.

"Учурда өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир топ программаларыбыз бар. Мына ошол программалар ишке ашуусу үчүн жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Бирок ал насыялардын шарттары ар банкта ар түрлүү. Ошондуктан бириктирип, өзүнчө тартипке салуу зарыл", — деди Орозова.

Ал жеңилдетилген насыя колунда жоктордун шартына дал келбей тургандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Абдыгулов: биз доллар менен эмес, сом менен иш жүгүртүшүбүз керек
Белгилер:
насыя, Карамат Орозова
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ