Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Икрамов: Конституциянын 25 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамовдун архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Тазабек Икрамовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов улуттук валютанын да 25 жылдыгын белгилөө керектигин айтты
Икрамов: Конституциянын 25 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү керек

Конституциянын 25 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү керек. Бул тууралуу Тазабек Икрамов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, 1993-жылдын 5-майында Конституция, 10-майында сом кабыл алынган.

"Ар улуттун тарыхый күндөрү бар. Ошол сыяктуу эле бизде 5-май Конституция, 10-май улуттук валюта кабыл алынган күн. Конституция жана улуттук валютасыз демократиялык коом куруу мүмкүн эмес. Быйыл ушул эки датага 25 жыл болот экен. Биз Конституция менен улуттук валютанын 25 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек", — деди Икрамов.

Ал иш-чараны өткөрүү үчүн канча каражат кетерин өкмөт иликтеп чыгыш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0