Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Муканбетов: казино кайра ачылса экономикага пайдасы тиет

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаВице-премьерлик кызматка талапкер болуп жаткан Санжар Муканбетов
Вице-премьерлик кызматка талапкер болуп жаткан Санжар Муканбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьерлик кызматка талапкер болуп жаткан Санжар Муканбетов казинонун экономикалык багыты бар экендигин айтты
Муканбетов: казино кайра ачылса экономикага пайдасы тиет

Казино кайра ачылса экономикага пайдасы тиет. Бул тууралуу Санжар Муканбетов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды.

Ал эми талкуу учурунда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев "казино ачуу керекпи?" деген суроо узатты.

"Өкмөт — аткаруу бийлиги. Андыктан мыйзам боюнча гана иштейбиз. Ал эми казиного мыйзамда тыюу салынган. Бул маселе боюнча саясий чечим кабыл алынган", — деди Муканбетов.

Ал эми депутаттын "казинону кайра ачса экономикага пайдасы тиеби?" деген суроосуна "Тиет. Өзүнүн экономикалык багыты бар" деп жооп берди Муканбетов.

Жаңылыктар түрмөгү
0