Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекешев: вице-премьер болгон кишиге кошумча бир министрликти берүү керек

Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев вице-премьер-министрлердин ыйгарым укуктары чектелүү экендигин айтты
Бекешев: вице-премьер болгон кишиге кошумча бир министрликти берүү керек

Вице-премьер болгон кишиге кошумча бир министрликти берүү керек. Бул тууралуу Дастан Бекешев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды

"Төрт вице-премьердин эмне кереги бар? 2-3 вице болгондо кантип жашап жүрдүк эле? Чындыгында вицелердин бийлиги тапшырма берүү менен гана чектелет. Депутаттардын каттарын алып, министрликтерге жөнөтөт. Жумушу көбүнчө ушул. Министрди иштен алмак турсун, сөгүш дагы жарыялай албайт. Негизи вице-премьер болгон кишиге кошумча бир министрликтин милдетин жүктөш керек", — деди Бекешев.

Эл өкүлү вицелердин бир жардамчысы, анан айдоочусу эле бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0