Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташов: кабылдамада отурган аял шербетке уйку дарысын кошуп койсо керек

© Фото / Зульфия ТургуноваГлава отдела статистики Ноокатского района Расулбек Ташов
Глава отдела статистики Ноокатского района Расулбек Ташов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов өзүнүн иш бөлмөсүндө ичкилик ичпегендигин жана бул видео өткөн жылы шайлоодон кийин атайын каралоо максатында тартылганын айтты
Ташов: кабылдамада отурган аял шербетке уйку дарысын кошуп койсо керек

Кабылдамада отурган кызматкер аял шербетке уйку дарысын кошуп койсо керек. Бул тууралуу Расулбек Ташов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакта Ноокат РИИБдин жетекчиси делген киши иш бөлмөсүндө мас абалында уктап жатканы тартылган видео тараган.

Ташовдун айтымында, ал таанышы менен ичимдик эмес, шербет гана ичкен.

"Болот аттуу таанышым келип, экөөбүз иш бөлмөмдө шербет ичип отурганбыз. Бир маалда дагы бир таанышым келип аны сыртка узатып чыкканбыз. Кайра кабинетке кирип, шербет ичип отурган бойдон түн жарымына чейин уктап калыптырбыз. Биз сыртка чыгып кеткенде кабылдамада отурган кызматкер аял шербетке уйку дарысын кошуп койгон деген шегим бар. Видеону дагы өзү тартып, арактын бөтөлкөсүн атайылап койгон болсо керек. Себеби ал 8-январь күнү сөгүш алганда "сизге карата материалым бар" деп айткан. 9-январда видео жарыяланып жатат", — деди Ташов.

Ал ошондой эле эртеси кан басымы жогорулап ооруканага түшүп калганын белгиледи.

"Окуянын эртеси кан басымым көтөрүлүп, жергиликтүү ооруканага кайрылгандыгым тууралуу оорукананын каттоо китепчесине жазылган. Аны далилдеп бере алам. Учурда видеону ким тарткандыгын териштирип жатабыз", — деди Ташов.

Ал видеодо уктап жаткан кишинин бири Ноокат РИИБдин башчысы болушу мүмкүн деген маалымат чындыкка коошпой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0