Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатарбаева: иш бөлмөдө мас болуп уктап жаткан кызматкердин милицияга тиешеси жок

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева
Ош облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева уктап жаткан киши Ноокат РИИБдин жетекчиси эмес экендигин айтты
Сатарбаева: иш бөлмөдө мас болуп уктап жаткан кызматкердин милицияга тиешеси жок

Иш бөлмөдө мас болуп уктап жаткан кызматкердин милицияга тиешеси жок. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакта Ноокат РИИБдин жетекчиси делген киши иш бөлмөсүндө мас абалында уктап жатканы тартылган видео тараган.

Сатарбаеванын айтымында, видеодо көрсөтүлгөн Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн Ноокат РИИБине эч кандай тиешеси жок.

"Биринчиден Ноокат РИИБинде мындай аталыштагы бөлүм жок. Ал бөлүмдүн башчысы Расулбек Ташовдун да милицияга эч кандай тиешеси жок. Мас абалында уктап жаткан эки адамдын бири Ноокат РИИБдин башчысы болушу мүмкүн деген маалымат текшерилди. Бирок Жигит Дубанаев эмес экендиги аныкталды", — деди Сатарбаева.

Ал ошондой эле видеого тартылган адамдын аты-жөнүн тиешелүү тараптар текшерүүгө алышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0