Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Боронов: күн жылыса мобилдик үйлөрдү кайра жыйнап алабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр чрезвычайных ситуаций КР Кубатбек Боронов
Министр чрезвычайных ситуаций КР Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мобилдик үйлөр убактылуу гана колдонууга берилгендигин айтты
Боронов: күн жылыса мобилдик үйлөрдү кайра жыйнап алабыз

Күн жылыса мобилдик үйлөрдү кайра жыйнап алабыз. Бул тууралуу Кубатбек Боронов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, өткөн жылы Чоң Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга мобилдик үйлөр таркатылып берилген.

"2017-жылы өзгөчө кырдаалдардан жабыркагандарга абдан жакшы жардам берилди. Эгемендик алгандан бери мынчалык жардам берилбесе керек. Ошонун негизинде 406 үй-бүлө үч ай ичинде үйлөрүн бүтөрүп алышты. Ал эми калгандары жаз келсе үйлөрүн курууну улантышат. Курулуш иштери бүткөнчө мобилдик үйлөрдө күн кечирип турушат. Ал эми күн жылып калганда мобилдик үйлөрдү кайра жыйнап алабыз", — деди Боронов.

Министр аталган үйлөр мамлекеттин эсебинде экендигин айтып, табигый кырсыктар болуп кетсе колдонуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0