Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тиллаев: элчилердин отчетторун угалы

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев айрым элчилер алгылыктуу иш жасабай жатканын айтты
Тиллаев: элчилердин отчетторун угалы

Элчилердин отчетторун угуу керек экендигин депутат Таабалды Тиллаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, жакшы иштебей жаткандарды жумуштан алуу керек.

"Бизде 38 дипломатиялык өкүлчүлүк бар экен. Бирок алардын көрүнүктүү ишмердүүлүгүн көрө элекпиз. Февралда ар бир элчинин отчетун уксак. Анткени аларга миллиондорду коротуп, өкүл катары кармап жатабыз. Кээ бирлери айлык алганына гана сүйүнүп отурат", — деди Тиллаев.

Эл өкүлү жакшы иштеп жаткан элчилер да бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0