Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукашев: фермерлерге жол картасы сыяктуу так эрежелер керек болуп жатат

© Sputnik / Максат ЭлебесовЫсык-Көлдө багбанчылык менен алектенген Азамат Мукашев
Ысык-Көлдө багбанчылык менен алектенген Азамат Мукашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдө багбанчылык менен алектенген Азамат Мукашев так эрежелер түзүлсө гана чет жактарга чоң көлөмдөгү продукцияларды алып чыкса болоорун айтты.
Мукашев: фермерлерге жол картасы сыяктуу так эрежелер керек болуп жатат

Фермерлерге жол картасы сыяктуу так эрежелер керек болуп жатат. Бул тууралуу Азамат Мукашев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул тармакты өнүктүрүү менен экономиканы жакшыртса болот.

"Бүгүнкү күндө фермерлерге жол картасы сыяктуу так эрежелер керек болуп жатат. Анткени чет жактагы базарга ылайыкташкан саясатыбызды иштеп чыгып, аймактагы фермерлерге түшүндүрүү зарыл. Мындан сырткары, атаандаштыкка туруштук берүү үчүн мөмө-жемиштердин кандай сорту керек, канча көлөмдө болушу шарт. Ушуларды камтыган кластер түзөлү деп жатабыз", — деди Мукашев.

Ал кластерди түзүү үчүн фермерлерге өкмөт дагы жардам бериши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0