Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Темиркулов: акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн 30 пайызын жоготтук

© Sputnik / Максат Элебесов"Жаңы доорго 40 кадам" стратегиялык долбоорунун эксперти Азамат Темиркулов
Жаңы доорго 40 кадам стратегиялык долбоорунун эксперти Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жаңы доорго 40 кадам" стратегиялык долбоорунун эксперти Азамат Темиркулов багбанчылык экономикалык жактан гана эмес, экологиялык жактан да пайдалуу экенин айтты.
Темиркулов: акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн 30 пайызын жоготтук

Акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн 30 пайызын жоготтук. Бул тууралуу Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, багбанчылыкты өнүктүрүү учур талабы болуп жатат.

"Бак дарактар, токойлор мөңгүлөрдү сактап калууга жакшы таасир берет. Анткени алар нымдуулукту сактап, температураны төмөндөтөт. Акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн 30 пайызын жоготтук. Буга глобалдык жылуулук себепкер. Академиянын илимпоздору айтып жатышат, ушул кылымда мөңгүлөрдүн 80 пайызын ээритип алышыбыз мүмкүн", — деди Темиркулов.

Ал багбанчылык экономикалык жактан гана эмес, экологиялык жактан да пайдалуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0