Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Салянова: кектин чегинен чыга албагандар жаңы президентке жакшылык алып келбейт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова аталган адамдардын арты менен элге керектүү мыйзамдар өтпөй калып жатканын айтты
Салянова: кектин чегинен чыга албагандар жаңы президентке жакшылык алып келбейт

Кектин чегинен чыга албагандар жаңы президентке жакшылык алып келбейт. Бул тууралуу Аида Салянова парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, педофилдер боюнча мыйзам долбоорун аталган адамдар артка кайтарган.

"Ноябрь айында педофилдердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам каралган. Тилекке каршы, президент вето коюптур. Мындай каршылык Алмазбек Атамбаев учурунда дагы болгон. Президенттин жанында кектин чегинен чыга албаган, бут тосууга, өч алууга барган адамдар отурат. Алар жаңы президентке жакшылык алып келбейт", — деди Салянова.

Ал иштин кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0