Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Омар: той, шайлоодогу үгүт иштерин четке кагып, конкурсту тандагам

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү эстрада ырчысы Омар Жанышов маек урчунда
Белгилүү эстрада ырчысы Омар Жанышов маек урчунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү эстрада ырчысы Омар Жанышов аталган чечимди кабыл алууда атасы жардам бергенин айтты
Омар: той, шайлоодогу үгүт иштерин четке кагып, конкурсту тандагам

Той, шайлоодогу үгүт иштерин четке кагып, конкурсту тандагам. Мындай оюн белгилүү эстрада жылдызы Омар Жанышов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Эске сала кетсек, ырчы Омар Жанышов Казакстанда өткөн Silk Way Star эл аралык сынагында баш байгени багындырган.

Өнөрпоздун айтымында, Silk Way Star музыкалык сынагына август айында уюштуруучулар тарабынан чакыруу түшкөн.

"Долбоордун рейтинги өсүшү үчүн атайын анализ жүргүзүп өз өлкөсүндө популярдуу ырчыларды тандашыптыр. Бул учурда мага үч тандоо бир келди. Тагыраагы, күздө тойлордо иштесемби, шайлоодогу үгүт иштерине катышсамбы же сынакка барсамбы деп ойлонуп калдым. Анан атамдан кеңеш сурасам сынакка барышымды туура көрдү. Ошентип сентябрдан ноябрь айына чейин конкурска катышып жүрдүм", — деди Жанышов.

Ал сынакка Кыргызстандын атынан Эл артисти Гүлнур Сатылганова барып калыстык кылгандыгын кошумчалады.

Омар Жанышов менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агентигинин макаласынын окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0