Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төрөбаев: диплом алгандардын жумуш менен камсыз болуусуна көз салуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 11-классты бүткөндөрдүн 55 пайызы окуу жайга тапшырарын айтты
Төрөбаев: диплом алгандардын жумуш менен камсыз болуусуна көз салуу керек

Диплом алгандардын жумуш менен камсыз болуусуна көз салышыбыз керек. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдардын канчасы билим алып, канчоосу жумуш менен камсыз болгондугу боюнча индикатор зарыл.

"Канча бала 9-калассты, канча бала 11-классты бүттү? Алардын канчоосу техникумга, канчоосу жогорку окуу жайга өттү? Окуу жайды бүткөндөрдүн канча пайызы жумуш менен камсыз болду? Ушуларга көз салган индикатор болушу керек. Менин билишимче, 11-классты бүткөндөрдүн 55 пайызы окуу жайга тапшырат", — деди Төрөбаев.

Эл өкүлү бул көрсөткүчтү көбөйтүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0